Жалпы республикалык тестирлөө менен жогорку окуу жайларга өтүүдөгү босоголук баллды (110 жана 105) шарты катаал аймактардын абитуриенттери үчүн төмөндөтүү маселесин Билим берүү жана илим министрлиги карап көрүшү керек. Мындай чечим бүгүн, 11-мартта ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында кабыл алынды. Депутаттар шарты катаал аймактарга Баткен облусу, Чаткал жана башка райондор кире турганын айтышты.
Айта кетсек, бул демилгени Баткен мамлекеттик университетинин ректору көтөрүп чыгып, анын кайрылуусу бүгүн аталган комитетте талкууланды.