Бүгүн, 11-марттагы маалымат жыйынында Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун (ББОУБ) жетекчиси Инна Валькова жалпы республикалык тестти тапшырууга керектүү документтердин тизмесин жарыялады.
Анын айтымында, абитуриент тестке паспорт жана эки сүрөт (3х4) алып келиши керек. Эгер мектеп бүтүрүүчү 16 жашка чыкпаса жана паспорт ала элек болсо, ал тестке тек-жайы жөнүндө күбөлүгү менен келиши зарыл. Мындан тышкары ал мектептин жетекчисинин колу коюлган маалым катты кошо алып келиши керек.
Белгилей кетсек, жалпы республикалык тестке каттоо 11-марттан 10-апрелге чейин жүрөт. Бүтүрүүчүлөр химия, биология, физика, англис тили, математика, тарых сабактарын тандай алышат. Тест кыргыз жана орус тилдеринде өтөт. Жалпы республикалык тест 17-майдан 21-майга чейин болот. 25-июнда тапшыруучуларга алган баллдар боюнча сертификаттар таратылат.