Кыргызстанда быйыл жалпы республикалык тестирлөө 17-21-май күндөрү өтөт. Муну бүгүн, 11-мартта маалымат жыйында Билимди жана билим берүү усулун баалоо борборунун директору Инна Валькова билдирди. Айтымында, мурункудай эле быйыл да мектеп бүтүрүүчүлөрү химия, биология, физика, математика, тарых жана англис тили боюнча тест тапшырышат.
Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Абдуманап Жолдошовдун билдиришинче, кайталап тестирлөө июнь айында болушу мүмкүн. Биринчи тестирлөөгө катыша албай калгандар буга катышса болот.