Эртең,12-мартта өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндөгү Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруу максатында облустук жыйын өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Шайлообек Козубаев билдирди.
Жыйынга өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Мусулмандардын дин башкармалыгынын муфтийи Максат ажы Токтомушев, облустук мекеме-ишканалардын жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, айылдык округдардын башчылары жана молдолор катышат.
Азыркы диний кырдаал талкууга алынып, салттуу ислам динин өнүктүрүү, диний экстремизмге каршы туруу боюнча талкуу болот.