Депутаттар Билим берүү жана илим министрлигин “куру статистика менен отурат” деп сындашты

Билим берүү жана илим министрлиги куру статистика менен иш жүргүзүп жатат. Муну бүгүн, 11-мартта ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында депутат Каныбек Осмоналиев билдирди. Айтымында, министрлик жалган сандарды эсептөөнү токтотуп, конкреттүү иштерди жасоого тийиш.

“Министрликтин “жалпы республикалык тестирлөө аркылуу Бишкекте абитуриенттердин 17 гана пайызы жогорку окуу жайга өттү” деген маалыматы жалган. Бишкектик окуучулардын көбү чет өлкөдөн билим алышууда. Ошолор кетпей тургандай шарт түзүп бергиле, жыйынтыгын ошондо көрөбүз”,- деди депутат.

Осмоналиев жогорку окуу жайлардын аймактардагы бөлүмдөрүнүн сапатын көтөрүү зарыл экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан