Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматовду Ош ОИИББи суракка чакырды. Муну бүгүн, 11-мартта “ВБ” өздүк булактарга шилтеме берүү менен жарыялады. Маалыматка таянсак, Мырзакматов 15-январда өткөн мэр шайлоодогу митинг боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу суракка чакырылды.
Эске салсак, 15-январда Оштун мэрин шайлоо учурунда борбордук аянтка талапкер М.Мырзакматовдун миңдеген тарапташтары чогулушкан. Шайлоодо Айтмамат Кадырбаев утуп чыккандан кийин митингчилер шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтышып, бул ортодо милиция кызматкерлери менен түшүнбөстүк чыккан. Аянтта президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтү өрттөлгөн.