Бүгүн, 2014-жылдын 11-мартында өлкө башчы Алмазбек Атамбаев өлкөнүн транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановду кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр мамлекет башчысына транспорттук инфраструктура объектилерин куруу боюнча жумуштардын, тактап айтканда, өлкөнүн автожолдорун куруу жана реабилитациялоонун долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.
Президент Алмазбек Атамбаев менен министр Калыкбек Султанов ошондой эле Кыргызстандын түндүк менен түштүк региондорун бириктирген альтернативалык стратегиялык автожолдун курулушун баштоо үчүн көрүлүп жаткан даярдыкты талкуулашты.
Мамлекет башчысы өлкөнү өнүктүрүүдө инфраструктуралык долбоорлордун маанисин баса белгилеп, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигин аларды өз мөөнөтүндө ишке ашырууга милдеттендирди.