2012-жылга караганда 2013-жылы чет элдик инвестициялардын агымы 1,7 эсе жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка караганда, келген инвестициялардын 85,6 пайызы керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүгө, ижарага, кыймылсыз мүлккө багытталган.
Негизги инвестициялар Кытай, Канада, Улуу Британия жана Орусия өлкөлөрүнөн келген.
Кытайдан келген инвестиция геологиялык чалгындоо жана кайра иштетүү өнөр жайына жумшалса, Канададан келген инвестиция металлургия өндүрүшүнө жана даяр металл буюмдарын чыгарууга каржыланган.