Европа коопсуздук кызматташтык
уюму Крымда 16-мартта өтүүчү референдумга байкоочу катары өкүл жиберүү боюнча
Крым бийлигинин сунушунан баш тартты. Маалымат бүгүн, 11-мартта белгилүү болду.
Маалыматка таянсак, ЕККУ
референдумга байкоочу катары чакырууга Крымдын эмес, Украинанын гана укугу бар
деп эсептейт.
Крым бийлиги ЕККУга кайрылуу
маселесин 10-мартта көтөрүп, кайрылуу уюмга төрагалык кылган Швейцарияга
жөнөтүлгөнү белгилүү болгон.
Көп өтпөй Крымдын вице-премьер-министри Рустам Темиргалиев
чакыруу маселеси расмий түрдө чечиле электигин айткан эле.