Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жусупжан Жээнбеков Сузактагы оорукананын курулушу менен таанышты

Кечээ, 10-мартта өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков Сузак районундагы Октябрь аймактык ооруканасынын курулуш иши менен таанышып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Анда Жусупжан Жээнбеков оорукананын айрым жерлерин кайрадан оңдоп чыгуу тапшырмасын берди.

Оорукана 50 орунга ылайыкташып, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү мамлекеттик дирекциясы тарабынан 2012-жылы башталып, курулушка 45 миллион 900 миң сом каражат багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан