Курманбек Дыйканбаев “Кыргызстан Иранга кой этинин 1 килограммын 1000 сомдон экспорттоп калышы мүмкүн” дейт

“Өкмөт жана Жогорку Кеңештин депутаттар тобунан түзүлгөн жумушчу топ Бюджет кодексинин долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду. Ал бардык жарандар үчүн жеткиликтүү тилде жазылган. Буга чейин бюджеттик мыйзамдарды бир калыпка салган бирдиктүү каржы документи дээрлик жок эле. Ал эми азыр бюджет жүрүмүнүн бирдей тартипке салынышына шарт түзүүчү Бюджет кодекси иштелип чыкты”. Муну “Парламент” радиосундагы маегинде Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Дыйканбаев айтканын бүгүн, 11-мартта ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Депутаттын билдиришинче, 2014-жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясы 401 миллиард сом көлөмүндө болору аныкталып, бюджеттин киреше бөлүгү 93 миллиард 456 миллион 123 миң сом, ал эми чыгаша бөлүгү 102 миллиард 899 миллион 212 миң сом өлчөмүндө белгиленди. Ортодогу бюджет тартыштыгы 9 миллиард 443 миллион 089 миң сом. Бул 2013-жылга салыштырмалуу эки эсеге аз.

Иранга болгон иш сапары тууралуу айткан депутат: “Иран ишкерлери Кыргызстандан кой этин сатып алууга кызыкдар. Эгер алар бул багыттагы суроо-талаптарын ишке ашыра турган болсо, анда кой этинин килограммы 1000 сомдон бааланмакчы”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан