“Ата Мекен” фракциясы конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттин башчылыгына Наталья Никитенконун талапкерлигин сунуштады

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрайымдыгына депутат Наталья Никитенконун талапкерлигин сунуштады. Маалыматты фракциянын катчылыгы билдирди. Никитенко буга чейин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин мүчөсү болуп келген жана жакында аталган комитетке (төрагасы шайлана турган комитет) которулган. 
Эскерте кетсек, буга чейин аталган комитетти экс-депутат Эркин Алымбеков жетектеп келген. Алымбеков “Кумтөр” боюнча өкмөттүн меморандуму парламенттен колдоо таап кеткенине нааразычылык билдирүү иретинде өз каалоосу менен мандатын тапшырган эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан