Талас шаарында 15-март күнү А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде “Талас Агро-2014” аттуу биринчи аймактык көргөзмө өтөт. Бул тууралуу Жаш ишкерлер ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чара аталган ассоциация менен өкмөт өкүлдөрү тарабынан уюштурулууда.
Белгилүү болгондой, Кыргызстандагы дыйкандардын негизги көйгөйлөрү болуп инновациялык технологиянын жоктугу жана жаңы өсүмдүк түрлөрүнүн урук, көчөттөрү дыйкандарга жетпей келиши эсептелет. Өлкөнүн бюджетине чоң киреше киргизген төө бурчактын уругу, жергиликтүү элдин айтымына караганда, 20 жылдан бери эле колдонулуп келүүдө. Урукту жаңыласа, түшүмдүүлүк мол болушу ыктымал.
Ошондой эле көргөзмөгө айыл чарба тармагында өсүмдүктөрдүн жаңы үрөндөрү, уруктары, көчөттөрү, аларды дарылоодо колдонулуучу органикалык жана химиялык заттардын түрлөрү, айдоо иштерине керектүү техникалар жана шаймандар коюлат. Мындан тышкары алыскы өлкөлөрдөн алынып келинген күнөскана, тамчылатып сугаруу системдерин кура турган жана башка ушул сыяктуу жер иштетүү тармагындагы көптөгөн көрүнүктүү компаниялар катышат.
"Аталган иш-чара дыйкандар үчүн да, компания, ишкерлер үчүн да пайдалуу бир платформа болуп, дыйкандардын пикирлерине жараша шарт түзүлүшүнө мүмкүнчүлүк жаралат деп ишенебиз" деп айтылат маалыматта.