Нурлан Мотуев: “Бүгүн Чаек айылында мен өткөрүп жаткан митингден мени эч ким кетирген жок” 

Бүгүн, 11-мартта Жумгал районунун Чаек айылында Элдик патриоттук кыймылынын лидери Нурлан Мотуев митинг уюштурду. Бул тууралуу SUPER.KG  порталына коомдук ишмер өзү маалымдады.

Белгилей кетсек, Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы “Иш-чарага көп деле адам келген жок. Чогулган эл Нурлан Мотуевди өзүнүн митингинен кетирип салды” деп билдирди. Буга Нурлан Мотуев “мага эч ким “кет” деген жок” деп жооп кайтарды.

Анын айтымында, бүгүн Жумгал райондук акимчилигинин астында миңге чукул адам чогулду. Иш-чарада үч негизги талап айтылды: “Кара-Кече” кенин улутташтыруу, 15 чакырым унаа жолун оңдоо жана Жумгалдагы элдик сот боюнча жаңжалды токтотуу.

“Биз КРнын Президенти жана парламентине ультиматум койдук. Эгер талаптар 15-апрелге чейин аткарылбаса, Жумгал районунун тургундары жалпы нааразычылык акциясына чыгышат”,- дейт Нурлан Мотуев.

Нурлан Мотуев Чаектеги митинг
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан