АКШдагы эркектер 8,5 миң долларга операция жолу менен сакал койдурушууда

Чыныгы эркек болуп көрүнүүнү самаган Нью-Йорктогу мырзалар операция жолу менен сакал койдурушууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, эркектер хирургдарга 7-8 миң доллар берип сакал өстүрүп жатышат. Дарыгер Жефри Эпштейндин айтымында, коюу сакалдуу болгусу келгендер арбын жана анын клиникасынан күнүнө 3-4 мырза сакал өстүрүп кетишет. Операция болжол менен 8 саатка созулат. Бул аралыкта врач кардардын денесинин түктүү жерлеринен алып сакал жасайт. Бир нече күндөн кийин түктөр кадимкидей өсүп, ал тургай устара менен кырынууга да болот экен. Кардарлардын көпчүлүгү Жордж Клуни, Райан Гослинг, Том Селлек жана Брэд Питтке окшошууну самап, алардын сүрөттөрүн көтөрүп келгендер. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан