Янукович: “Дагы кайталайм, мен Украинанын легитимдүү президентимин”

“Мен Украинанын легитимдүү президенти гана эмес, өлкөнүн башкы кол башчысы бойдонмун”,- деп билдирди Виктор Янукович бүгүн, 11-мартта Ростов-на-Донуда маалымат жыйында. Анын айтымында, ал өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон жок. 
“Мен тирүүмүн, мени Украинанын Конституциясына ылайык кызматтан четтетишкен жок. АКШ жана башка өлкөлөр мени “өлкөдөн качып кеткени үчүн президент катары легитимдүүлүгүн жоготту” деп жатышат. Кайталайм, мен эч жакка качкан жокмун. Киевде куралдуу жол менен өкмөттүк имараттарды басып алуу учурунда мен Харьков, Донецк, андан кийин Крымда болдум. Төңкөрүш учурунда мен Украинанын аймагынан чыгып кеткен жокмун”,- деди Янукович. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан