Бүгүн, 11-мартта Жалал-Абад мэриясынын аппарат жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында мэр Мухтар Арапбаев жарандардын мамлекетке, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон ишенимин арттыруу керектигин, мыйзамдуулукту бекемдөө, коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү зарыл экенин айтты.
Ошону менен бирге калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын жакшыртуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик деңгээлин жана жоопкечилигин жогорулатуу, элдин биримдигин чыңдоо керектигин кошумчалады. Мындан сырткары улутчулдук фактыларын жоюу, жарандарды патриоттуулукка тарбиялоо, жарандардын укуктук маданиятын, мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун жогорулатуу зарылдыгын белгилеп өттү.
Жогоруда белгиленген иш-чаралардын алкагында шаардын көрүнүктүү жерлерине 2014-жыл -Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына ылайыкташтырылган чакырыктарды илүү милдетин Муниципалдык менчикти башкаруу комитетине тапшырды.