Бүгүн, 11-мартта саат 10:50 чамасында коомдук ишмер Нурлан Мотуев Жумгал районунун Чаек айылында райондук мамлекеттик администрациянын алдында өзүнүн 7 адамдан турган жакындарын чогултуп, "Жумгал районундагы көйгөйлүү маселелерди чечем" деп митинг уюштурууга аракет кылган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Нурлан Мотуевдин бул аракетине Чаек айылынын тургундары "элди бузба, бизге тынчтык керек, Жумгал районунан чыгып кет" деген сөздөрдү айтып кууп чыгышты. Нурлан Мотуев ага каршы чыккан элди сөккөндө аялдар Нурлан Мотуев түшүп жүргөн унааны талкалап сала жаздашкан.
Натыйжада Нурлан Мотуев ал жерден унаага түшүп, Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында жашаган туугандарынын үйүнө кеткен. Ачууланган аялдар Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнө Нурлан Мотуевге мыйзам чегинде чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылышкан. Азыркы тапта райондун аймагында коомдук-саясий кырдаал тынч.