“Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Токтогулда шайлоочулардын көйгөйүн угушууда

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары бүгүн, 11-мартта Токтогул районунда шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүүдө. Райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери, жашоочулар менен жолугушкан депутаттар Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү, кабыл алынган мыйзамдар боюнча суроолорго жооп беришүүдө. Маалыматка таянсак, жашоочуларды “Ата Мекен” фракциясы сунуштаган оор кылмыштарды кечирбөө, башка мамлекеттин жарандыгын алган кыргызстандыктарга кайтып келгенден кийин жер, үй жана башка мүлк сатып алып өзүнө каттатууга укук берүү жана салттуу динге байланышкан мыйзамдар кызуу талкууну жаратты. Андан сырткары чогулгандар өкмөттүн “Кумтөр” боюнча жүргүзүп жаткан ишин элге каршы саясат деп баалашты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан