Ош. Мэр Айтмамат Кадырбаев Индиянын Кыргызстандагы элчиси Жайант Н.Кхобрагаде менен жолугушту

Бүгүн, 11-мартта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Индиянын Кыргызстандагы элчиси Жайант
Н.Кхобрагаде менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынын жетекчиси Гүлзина Аманова билдирди.

Жолугушуу учурунда мэр Айтмамат Кадырбаев Индия элинин тарыхын жакшы билерин, ошону менен катар тилин да мыкты билгендиктен, сүйлөшүү котормочусуз өттү. Анда эки өлкөнүн экономика жаатында иш алып баруу, билим берүү тармагын жакшыртуу тууралуу пикир алышты.

Ошондой эле 2013-жылы атайын Индиядан Ош шаарына келип окугандардын саны 160 студентти түзгөнү белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан