Алай районунун Гүлчө, Корул айыл аймагынын мергенчилери 10-мартта 2, 11-мартта 2 карышкыр атышты. Бул тууралуу аталган райондун тургуну Кыялбек Мажитов билдирди.
Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Таалай Сарыбашов тарабынан мергенчилерге ыраазычылык айтылып, акчалай сыйлыктар берилди.
Жыл башынан бери мергенчилер тарабынан жалпы 24 карышкыр атылды.
Бир нече жыл мурун өлкөнүн тоолуу аймактарында карышкырлардын саны көбөйүп кеткендиктен, кыргыз өкмөтү карышкырдын териси үчүн акчалай сыйлык берүү үчүн токтом чыгарган. 2011-жылы карышкырдын ургаачысына 3 миң, эркегине 2,5 миң, бөлтүрүктүн башына 1,5 миң, чөөгө 1,3 сом берилген. Расмий маалыматтарда Кыргызстанда карышкыр менен чөөнүн көбөйүшүнөн чыгымдардын жогорулап жатканы айтылган.