"Украинада 25-майда өтүүчү президенттик шайлоо - мыйзамсыз" деди Янукович

Виктор Янукович Украинада 25-майда өтүүчү президенттик шайлоону "легитимсиз" деп атады. Муну Янукович бүгүн, 11-мартта Ростов-на-Донуда өткөргөн маалымат жыйында айтты. Анын билдиришинче, аталган шайлоо экстремисттик күчтөрдүн көзөмөлүндө өтүшү мүмкүн. Янукович бул мыйзамсыз шайлоонун жыйынтыгы менен өлкөдө түзүлө турган бардык бийлик органдары да легитимдүү деп эсептелбей турганын айтып, эл аралык коомчулукту Украинанын жаңы бийлигин колдобоого чакырды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан