Тажикстандын Согдий облусунун бийлиги элдешүү максатында Баткен жана Ош облустарынын
администрацияларына Нооруз майрамын чогуу майрамдоого чакыруу кагазын жөнөттү. Бул тууралуу
бүгүн, 11-мартта Тажикстандын телеграф агенттиги маалымат таратты.
"Азырынча кыргыз тараптан чакыруу кагазына жооп
келе элек",- деп жазылат Худжанд шаарынын администрациясы тараткан маалыматта.
Кошумчалай кетсек, эки өлкөнүн өкүлдөрү чогуу 2013-жылы Худжанд шаарында Нооруз
майрамын тосушкан.
Эске салсак, 2014-жылдын 11-январында чек арадагы атышуудан кийин кыргыз-тажик чек ара өткөрүү бекеттери жабылган. Мамлекеттик чек ара кызматынын 7-марттагы билдирүүсү боюнча, чек арадан үчүнчү өлкөнүн жарандары гана өтүп жатат.