12-мартта Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы билдирди.
Маалыматка караганда, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Садыгалиев, Власов, Дэн Сяопин көчөлөрүндө жана Чүй облусунун Кара-Балта шаарында, Октябрь, Воронцовка, Таш-Дөбө, Кашка-Суу, Малиновка айылдарындагы көмөк чордондорун оңдоо иштерине байланыштуу жарык өчөт.