ЖКнын тармактык комитетинде референдум жөнүндө жаңы мыйзам долбоору талкууланды

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин 11-марттагы жыйынында “КРнын референдуму жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоору экинчи окууда талкууланды.

Демилгечилердин бири, депутат Бакыт Төрөбаевдин айтымында, 2010-жылдан бери Конституциянын акыркы редакциясы иштеп жаткандыктан, анын талаптарына ылайык келе тургандай жаңы конституциялык мыйзамды иштеп чыгуу зарылчылыгы жаралууда. Мыйзам долбоорунун жоболоруна ылайык, 10 миң шайлоочу, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт гана мыйзам демилгелей алышат.

Андан сырткары жалпы элдик добуш берүүгө жатпай турган маселелер да аныкталды. Алар: согуш жана тынчтык, КРнын Президентинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана узартуу, депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо, жеке жана юридикалык жактарды салык түрлөрүнөн бошотуу, согуштук абал киргизүү, мунапыс жарыялоо жана ырайымдуулук кылуу.

Референдумга мамлекеттик мааниси бар орчундуу маселелер гана коюлат.  

Талкуу жүрүшүндө Баш мыйзамга 2020-жылга чейин өзгөртүүлөр киргизилбей турган беренелерди көрсөтүү, мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өткөрүү тууралуу сунуштар берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан