Бакай-Ата районунун тургундары бийликтен “Шыраалжын” алтын кенин ачпоону талап кылышууда

Таластын Бакай-Ата районунун тургундары бийликтен “Шыраалжын” алтын кенин ачпоону талап кылышууда. Муну бүгүн,11-мартта SUPER.KG порталына Бакай-Ата райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Нурдин Мамбетов билдирди. Айтымында, бүгүн район борборунда 150дөй адамдын катышуусунда митинг өтүп, алар Талас-Тараз унаа жолун тосууга аракет кылышты.

“Бирок аким чыгып, алар менен сүйлөшүү жүргүздү. Көпчүлүгү Оро айылынын тургундары. “Экология бузулат, кенди иштетпегиле” деген талап коюшту. Маселени кароо айылдык кеңештин кароосуна жиберилип, эл тарап кетти”,- деп билдирди Мамбетов.

Айта кетсек, жергиликтүү тургундар Оро айыл өкмөтүнө караштуу “Шыраалжын” алтын кенине чалгындоо иштерин жүргүзгөнү жаткан “Алтын-Күмүштак Майнинг” компаниясынын ишин токтотууну талап кылышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан