Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаков Индия мамлекетинин Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Жайант Н.Кхобрагаде менен жолугушту. Анда эки мамлекеттин ортосундагы билим берүү системдерин, келечекте эки өлкөнүн бул багыттагы байланыштарын талкуулашты. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Ректор Жайант Н.Кхобрагадени ОшМУнун 75 жылга чукул тарыхы камтылган музейи, автоматташтырылган электрондук башкаруу системи, кабыл алуу процессиндеги ачык-айкындыкты камсыз кылуучу программалардын иштөө тартиби, окуу корпустары, жакында түзүлүүчү Кыргыз-Индия IT технология борборунун орду менен тааныштырып чыкты.
Жыйындар залында Индиянын элчиси окутуучулар, студенттер менен жолугушуп, “Байыркы жана бүгүнкү Индия” деген темада презентация жасады.