Ош шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин уюштурууда кайдыгер, салкын мамиле жасаган жетекчилерге чара көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ош шаарынын вице-мэри Ильяз Ражапов менен мэриянын аппаратынын жетекчиси Алмазбек Осмоновго көзөмөл жүргүзүү боюнча тапшырма берилди. Аларга жазгы эки айлыкты өткөрүү, ишембиликтерди уюштуруу, айлана-чөйрөнү тазалоо, чогулган таштандыларды алып чыгуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин уюштурууну талапка ылайык аткарбаган, кайдыгер мамиле жасаган жетекчилерге өз убагында тийиштүү административдик чараларды көрүү милдеттендирилди.