Кыргызстандагы жергиликтүү каттоо кызматкерлеринин 5 пайызы аттестациядан өткөн эмес
Ушул жылдын 26-январынан 20-февралына чейин Талас,
Ысык-Көл, Чүй, Нарын облустарынын жана Бишкек шаарынын жергиликтүү
каттоо кызматкерлери аттестациядан өтүшкөн. Мамлекеттик каттоо кызматынын 11-мартта билдирген маалыматы боюнча, МККнын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлктү каттоо департаментинде
жүргүзүлгөн аттестациядан өтүүгө жалпысынан 452 кызматкерге уруксат
берилген. Алардын 406сы өтсө, жөндүү себептер менен 25 кызматкер катышкан эмес. Ал эми 21 кызматкер өтпөй калган. Алардын жетөө Талас, бешөө Ысык-Көл, экөө Чүй облусунан жана жетөө Бишкек шаарынан болгон. Бул "кызматкерлердин 5 пайызы аттестациядан өтпөдү" дегенди билдирет. Азыркы тапта мындай иш-чара өлкөнүн түштүк аймагындагы департаменттин кызматкерлери үчүн жүргүзүлүүдө.