Кыргызстанда психикалык жактан жабыркагандардын саны өстү

"Акыркы төрт жылда психикалык жактан жабыркап дарылангандардын саны 14 миң адамга көбөйгөн" деп айтылат КРнын Акыйкатчысынын жыл сайын берчү баяндамасында.

Маалыматта 2009-жылы мындай бейтаптардын саны 55 миң болсо, 2013-жылы бул көрсөткүч 69 миң адамга чейин өскөндүгү жазылган..

Бейтаптардын санынын көбөйүп жатышын Акыйкатчы институту өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдын начардыгына, улуттар аралык кагылыштарга, социалдык жактан корголбогондугуна, сырткы жана ички миграцияга байланыштырат.

"Жагдай кесипкөй дарыгерлер менен адистердин жетишсиздигинен улам да кыйындап жатат" деп белгиленет баяндамада.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан