“Биз бийликти борбордон алыстатып, жергиликтүү бийликтин ролун күчөтүүгө аракет кылдык”,- деп билдирди 11-мартта өкмөттүн аппарат башчысы Нурханбек Момуналиев “Жергиликтүү экономикалык өнүгүү: даремети жана келечеги” деген конференцияда.
Момуналиев аймактын экономикалык күчүнүн жогорулашы үчүн жергиликтүү башкаруу органдарынын ишинин маанилүү экенин айтат.
“Биз бийликти борбордон алыстатып, жергиликтүү башкаруу органдарынын ролун күчөтүүдө чоң кадамдарды жасадык. Азыр райондук мамлекеттик администрациялардын жана айыл өкмөттөрдүн ишинен көп нерсе көз каранды. Кыска жана орто мөөнөттөгү мүнөзгө ээ маселелердин ыкчам чечилиши сиздердин колуңуздарда. Бардык нерсе сиздерден көз каранды. Кантип иштесеңер ошого жараша көрсөткүч болот жана жергиликтүү элдин бийликке болгон мамилеси да ошого жараша болот”,- дейт Момуналиев.