Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда мырзалардын таймашы өттү

11-март күнү Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун факультеттери ортосунда «ОГПИнин мырзасы-2014» кароо-сынагы болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган таймашка жалпысынан 8 мырза катышып, атайын түзүлгөн жобонун негизинде күйөрмандарга өздөрүнүн таланттарын тартуулашты. Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен гуманитардык факультетинен Манас Гапаров «ОГПИнин Олимп мырзасы-2014», ал эми менеджмент жана туризм факультетинен Арзибек уулу Жанар «ОГПИнин интеллектуал мырзасы-2014» наамдарына ээ болушту. Жеңүүчүлөр окуу жайдын ректоратынан жана профсоюз комитетинен дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан