Парламентте бүгүн, 12-мартта “КРнын 2012-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралууда. Жыйында депутат Исмаил Исаков 2012-жылдын бюджетинин аткарылышын бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери бузганын билдирди. “Эсептөө палатасынын чечимдери бар, андай жетекчилердин бирөө-жарымы жоопко тартылдыбы?”- деди Исаков.
Маселе боюнча баяндама жасаган ЖКнын тармактык комитетинин өкүлү, депутат Курманбек Дыйканбаев “бул боюнча башкы прокуратурага тапшырма берилди, күнөөлүү адамдар жоопко тартылышат” деп билдирди.