Орусиянын Екатеринбург шаарында «Улуттар аралык маалымат борборунун» базасында мигранттар үчүн ишеним телефону иштей баштады. Бул тууралуу 12-мартта "Замандаш" ассоциациясы КРнын Екатеринбург шаарындагы кыргыз диаспорасынын маалыматына таянып билдирди.
Ишеним телефонун уюштуруунун негизги максаты - жашоонун оор кырдаалдарына туш болгон КМШ өлкөлөрүнүн жарандарына, эмгек мигранттарына укуктук жардам көрсөтүү.
Ишеним телефону 3 тилде: кыргыз, тажик жана өзбек тилдеринде жардам көрсөтөт.
Мындан ары Орусияга келген бардык жарандар 8-922-603-13-54 номурун терип, миграцияга байланышкан, ошондой эле медициналык, жалпы билим берүү, турак жай, социалдык коргоо сыяктуу көптөгөн суроолорго толук жана бекер юридикалык жардам ала алышат.
Аталган долбоорго Орусиянын Федералдык миграциялык башкармалыгы кызыкдар экенин айтып жана татаал маселелерди чечүүгө жардам көрсөтөрүн билдирген.