Кыргызстандын
Мамлекеттик салык кызматында учурда 2260 кызматкер иштейт. Муну бүгүн,
12-марттагы ЖКнын жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун
басары
Кубанычбек Кумашов айтты. Депутат
Абдрахман Маматалиев “Салык кызматында 40тай гана кызматкер ишке
тоскоол болуп жатат” деген Исхак Масалиевдин (ред. аталган кызматтын төрагасы) сөзүн
уктуңуз беле?” деп суроо берди эле, Кумашов андай маалыматты укпаганын
айтты. Мындан кийин депутат
“гезит окуп,
телевизор көрүш керек” деди.
Эскерте кетсек, парламентте
бүгүн, 12-мартта “КРнын 2012-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө
отчётту бекитүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралууда.