Ош. "Интернет аркылуу чакырыкты көргөн жаштарыбыз Сирияга кетип жатышат" деди муфтий Максат ажы
Бүгүн, 12-мартта өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндөгү Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруу максатында облустук жыйын өтүүдө.Анда Мусулмандардын дин башкармалыгынын муфтийи Максат ажы Токтомушевжаштарыбыздын радикалдашуусу исламды терең түшүнбөгөндүгүнөн келип чыкканын айтты. "Интернеттин жакшы жагы, маалыматты тез жеткирет экен, жаман жагы, жаштар интернеттеги Сирияга чакырыкты угуп, ислам деп кетип жатышат, ал эле эмес, аял кишилерибиз да кетип жатканын өз көзүбүз менен көрүүдөбүз. Ойлобогула, Сириядан бирөө-жарым келип алып кетип жатат деп. Бул нерсенин баары интернетке байланыштуу",- деди Максат ажы.