Депутаттар 2012-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча жооп бере албай жаткан Эсептөө палатасынын өкүлүн сынга алышууда
“Бүгүн
2012-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышын карап жатсак, Эсептөө
палатасынын өкүлү суроолорго жооп бере албай, кайра “мен 2012-жылдын бюджетине
даярданып келгем” деп отурат”,- деди ЖКнын 12-марттагы жыйынында
депутат Алтынбек Сулайманов. Депутат бул маселени билген Эсептөө палатасынын
аудитору келиши керектигин айтты. Муну төрага Асылбек Жээнбеков да колдоп,
тармактык комитеттин төрагасы Курманбек Дыйканбаевге кайрылды. “Бир да суроого
жооп бере албай жатат, маселеге даяр аудиторду чакырыш керек да”,- дейт төрага.