“Биз азыр Каржы министрлигин гана жарга такап жатабыз. Экономика министри, экономикалык тармакты көзөмөлдөгөн вице-премьер-министр кайда? Акчанын баарын ууруларга алдырып жиберип унчукпай отурган Ички иштер министрлиги кайда? Жалпысынан өкмөттү алмаштыруу маселеси жөн жерден көтөрүлгөн жок. Маселени сөзсүз карап чыгып, мындан ары кандай кадамдарга барарыбызды аныктап алышыбыз керек. Бюджеттин аткарылышы боюнча 2013-жыл мындан да жаман болот”,- деди Балтабаев.
Эскерте кетсек, парламентте бүгүн, 12-мартта “КРнын 2012-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралууда.