Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев Санкт-Петербург шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын Маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын кезектеги жыйынына катышты.
Жогорку Кеңештин аталган ассамблеядагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, жыйында КМШ ПААнын ардактуу белгилери менен сыйлоого Кыргыз Республикасы тараптын талапкерлери каралды жана бекитилди. К.Иманалиев Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына карата өспүрүмдөр арасында баскетбол боюнча эл аралык мелдеш өткөрүү тууралуу баяндама менен чыгып сүйлөдү.