Кыргызстанга алынып келген унааларды 5 күндүн ичинде каттоого алууга милдеттендирүү автоунаа бизнеси менен алектенген ишкерлерге тоскоол болот. Муну бүгүн, 12-марттагы ЖКнын жыйынында депутат Дастан Жумабеков билдирди. Айтымында, бул процесс менен жарандар 2 жолку чыгымга туш болушууда. “Автоунаа алынып келингенден кийин каттоого алынат. Аны саткандан кийин унаанын жаңы ээси башка номур ала турганын айтса, кайрадан каттоого тургузуусу керек болот. Бир процессти эки жолу кайталоонун эмне кереги бар? Ишкерлерге гана бут тосуп калабыз. 5 күн деген мөөнөттү 2-3 ай кылып узартууну сунуштайм”,- деди депутат.
Сунушту бир катар депутаттар колдоого алышты.