Бишкекте бүгүн, 12-мартта Башкы прокуратуранын имаратынын алдына камактагы депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгышты. Алар Келдибековду ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарып, баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылышууда. 600дөй жаран чогулган митингди милиция кызматкерлери көзөмөлдөөдө.
Митингчилер башкы прокурор Аида Салянованын эл алдына чыгуусун талап кылышууда. Митингчилер эл алдына чыгып, депутатты колдогон сөздөрүн айтышууда.
Ошондой эле башкы прокурордун дарегине "Аида Салянова, сиңдим. Эсиң барда этегиңди жый" дегендер да болду.
Митингге келген ЖКнын депутаты Бөдөш Мамырова: “Эми бул жерге жыргаганыңардан келген жоксуңар. Кечээ уюштуруу комитети мага чакыруу кагазын берген, алдыңарга келдим. Ар бир адам тынч митингге чогулуп, өз укугун коргоого укугу бар.
Мыйзам чегинде, эч нерсени бузбай, мыйзамдуулукту талап кылган органдын алдында турасыңар, силердин талаптарыңарды карап жатабыз. Коррупция менен күрөшүү керек. Күрөштө жакын тууганына карабай мыйзам чегинде иш алып баруу керек. А.Келдибеков күнөөлүү болсо, мыйзам чегинде жооп берсин. Бирок Келдибековду камап коюу менен коррупцияны жоюлат деп айтуу туура эмес.
Ден соолугуна байланыштуу келип турасыңар. Бир эмес, үч жолу операция жасалды. Чындыгында, абалы бир аз начар. Бул боюнча депутаттар да айтышкан. Тергөө жүрө берсин. Ага эч ким тоскоолдук кылбайт. Күнөөсү аныкталса, жооп берсин. Жогорку жактагылар кандай чечет, мен аны айта албайм. Бизде азыр сессия жүрүп жатат. Мыйзам бузууларга жол бербегиле”,- деди.