ЖКнын 12-марттагы жыйынында депутат Жусупали Исаев “өлкөгө жаңы кирген автоунааларды 5 күндүн ичинде каттоого алуу, болбосо айып пул төлөтүү демилгеси тартип үчүн жасалууда” деп билдирди. Айтымында, 5 күн деген норма мурда деле болгон, бирок иштебей жатат. “Ошондуктан айып пул салууну сунуштап жатабыз. Болбосо өлкөдө баш аламандык күчөп кетти. Айрым кызыкчылыктарды эске албай, мыйзамды колдошубуз керек”,- дейт Исаев.
Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.