Депутаттар Баатыр энелерге мамлекет тарабынан жакшы кам көрүлбөй жатканын айтышууда
ЖКнын 12-марттагы
жыйынында депутат Чолпон Султанбекова Кыргызстанда Баатыр энелерге мамлекеттен
жакшы кам көрүлбөй жатканын айтып чыкты. “1000
сом пенсия менен чектелишибиз уят. Аларга экономикалык, социалдык жактан
жеңилдиктерди беришибиз керек”,- деди депутат. Ал эми депутат Туратбек
Мадылбеков мыйзам долбоорундагы “7 бала төрөп, бирок балдарынын бири соттолуп
кетсе, ал энеге “Баатыр эне” наамын бербөөнү токтотуу” деген пунктуна токтолду.
“Эгер 2 баласы соттолуп кетсе эмне болот?
Эне үчүн бала баарынан кымбат, алар балдарын жаман болсун деп чоңойтпойт.
Менимче, бул жерде соттолуу боюнча пунктту алып салыш керек”,- деди
Мадылбеков.