Бүгүн, 12-мартта биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Рене Холенштайн менен жолугушту. Оторбаев элчини жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, эки өлкөнүн кызматташтыгы мындан ары да бекемделишине ишенерин айтты.
“Экономикалык жана демократиялык реформалар боюнча Швейцариянын көрсөтүп келе жаткан колдоосун жогору баалайбыз. Бишкекте 2012-жылы Швейцария элчилигинин ачылышы маанилүү кадам болгон. Кыргызстан менен Швейцариянын биргелешкен долбоорлорунун санынын 50 пайызга өскөнү эки өлкө ортосундагы тыгыз байланыштан кабар берет”,- деди Оторбаев.