Бүгүн, 12-мартта Саруу айылында элдик курултай өтмөк. Белгилүү себептерден улам аталган иш-чара болбой калды. Бул тууралуу бүгүн, Ысык-Көл ОИИББинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Анын айтымында, курултайды өткөрүүнү башка күнгө жылдырышкан. Азырынча анын качан болору белгисиз.
Белгилей кетсек, “Кумтөргө” каршы чыккан Саруу эли курултай өткөрүүнү алгач 10-мартка белгилеген. Бирок уюштуруу иштерине байланыштуу 12-мартка жылдырылган болчу.