Бүгүн, 12-мартта өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү
Эмилбек Каптагаев жаштар кыймылынын, жаштар комитеттеринин ар кайсы облустан келген 50дөй лидери менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жолугушууда социалдык маселелер талкууга алынууда.