Бүгүн, 12-мартта Жалал-Абад шаардык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясында шаардын 2014-жылга карата бюджети бекитилди. Шаардагы Каржы башкармалыгынын жетекчисинин айтымында, 2015-2016-жылдары шаардын чыгашасы болжол менен 279 миллион сомдун тегерегинде болот. Шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев 2013-жылы аткарылган иштер боюнча маалымат берди. Жыйынга шаар мэри, шаардык кеңештин 30 депутаты, аймактык Салык кызматынын өкүлдөрү катышты.