Жогорку Кеңештин эки депутаты JICA агенттигинин өкүлү Тэцуя Ямада менен жолугушту

Жогорку Кеңештин депутаттары Надира Нарматова менен Курманбек Дыйканбаев бүгүн, 12-мартта Япониянын Кыргызстандагы Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Борбордук Азия жана Кавказ боюнча департаментинин директору Тэцуя Ямада менен жолугушту.

Жолугушууда кызматташтык, анын ичинде Жогорку Кеңеш менен JICA`нын ортосундагы мамилени жакшыртуу жаатында пикир алышуу болду. Бишкек-Ош жолундагы көчкү коопсуздугун камсыз кылуу, Ош – Баткен –Исфана жолунун айрым тилкелерин калыбына келтирүү долбоорлорун ишке ашыруу маселелери да талкууланганын ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Депутаттар кыргыз парламенти JICA тарабынан каржылана турган долбоорлорго колдоо көрсөтүлө турганын билдиришти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан