Кыргызстанда ордени жок 24 900 Баатыр эне бар

Кыргызстанда учурда ордени жок 24 900 Баатыр эне бар. Муну бүгүн, 12-марттагы “Парламент” радиосундагы түз байланышта Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева билдирди. Анын билдиришинче, Баатыр энелердин күбөлүгү бар, бирок ордендери жок.

“8-Март майрамына карата ордендерин берип койсок жакшы болмок. Аларга руханий жактан дем бермек. Бирок жетише алган жокпуз”,- деди депутат.

Аманбаева 7 бала төрөгөн эне кандай болбосун “Баатыр эне” наамын алышы керек деген пикирде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан