Чүй облусундагы Москва районунун Беловодск айылынын тургуну милицияга танкка каршы гранатомётту өз эрки менен тапшырды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 11-мартта аталган айылдын тургуну РПГ-18 үлгүсүндөгү гранатомётту Чүй ОИИББине алып келген. Ал куралды Беловодск айылындагы Чоң Чүй каналынан тапканын айткан. Бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
Ички иштер башкы башкармалыгы белгилегендей, өз ыктыяры менен мыйзамсыз сакталган атуучу жана жардыруучу нерселерди тапшырган жарандарга кылмыш иши козголбойт.